Улуу британиялык турист билет сатып алууда кыйынчылыктарга туш болгону үчүн Кытайдын Гонконг аэропортундагы жабдууларды талкалап салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, анда ал терминалдан билет сатып алууга аракет кылган. Бирок сатып алуу аракети ийгиликсиз болгондо ачуусун баса албай калып, өзүн-өзү башкарган техникаларга зыян келтирген.
Аэропорттун кызматкерлери жалпысынан онго жакын техника зыянга учураганын билдиришти. Жергиликтүү полиция туристти камакка алып, анын баштыгынан өлкөсүндө тыюу салынган каражаттарды тапкан.