Биз социалдык тармакта

Пакистандагы террордук чабуулдан 11 жоокер каза болду

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы террордук чабуулдан 11 жоокер каза болгонун чет элдик басылмалар жазышты.

Дүйшөмбү күнү аталган провинциянын Бажаур районундагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна террордук чабуул жасалган. Анда унаага коюлган бомба жардырылып, 11 коопсуздук кызматкери каза тапкан. Аялдар жана балдарды кошкондо дагы 7 адам жаракат алган.

Пакистан бийлиги мунун артында өлкөдө тыюу салынган "Техрик-е-Талибан Пакистан" кыймылынын жактоочулары турат деп эсептейт. Террордук чабуулга жооп иретинде атылган октон 12 террорчу өлтүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан