Франциянын президенти Эммануэль Макрон Индияга болгон расмий сапары учурунда Мумбай шаарында эртең менен чуркаган. Интернет желесинде анын жан сакчыларынын коштоосунда чуркап бара жатканда тартылган видеосу тарап жатат.
Франциянын лидери 17-февралдан 19-февралга чейин 3 күндүк сапар менен Индияга барган. Сапардын алкагында премьер-министр Нарендра Моди менен жолугушуу пландаштырылган.