Биз социалдык тармакта

Иран менен АКШ атом маселеси боюнча мүмкүн болгон келишимдин текстин иштеп чыгат

Иран менен АКШ атом программасы боюнча мүмкүн болгон келишимдин текстинин үстүндө иш алып бармай болушту. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчиге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Аракчинин айтымында, тараптар алгач келишимдин мүмкүн болгон варианттары боюнча өз-өзүнчө тексттерди даярдашат. Андан кийин бул документтер алмашылып, талкууланат. Ошондон соң гана сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасынын датасы аныкталат.

Азырынча убакыт белгилене элек. Тараптар мүмкүн болгон келишимдин тексттеринин үстүндө иш жүргүзүүнү макулдашты. Андан соң тексттерди алмашып, үчүнчү раунддун датасын тактайбыз”, — деген ал иран телеканалдарынын эфиринде.

Министр бул билдирүүнү Женевада өткөн АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан