Биз социалдык тармакта

Флорида штатындагы аэропортко Трамптын ысымы берилиши мүмкүн 

Флорида штатынын Өкүлдөр палатасы АКШнын президенти Дональд Трамп жашаган Палм-Бич шаарындагы аэропортту өлкө лидеринин урматына атын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу АКШнын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, мындай өзгөртүүнү кабыл алуу үчүн аталган штаттын 81 депутаты добуш берүүгө катышып, алардын 30у каршы добуш берген. Бирок жарымынан көбү макул болгондуктан, сунуш штаттын Сенатына жөнөтүлгөн. Эгер ал тараптан жактырылса чечим кабыл алынат.

Ал эми аталган аэропортко барчу жолго мурда АКШнын президентинин ысымы берилген.

Учурда Вашингтондо Тынчтык институту, башкы театр, концерттик жай жана искусствосу борбору Трамптын урматына анын ысымын алып жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан