АКШ президенти Дональд Трамптын чакыруусу менен Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Вашингтонго барат. Бул тууралуу Казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, иш сапар 18-19-февралга белгиленген.
"Жолугушууда Газа тилкесиндеги кырдаалды турукташтыруу, аймакта тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу гуманитардык колдоону камсыз кылуу боюнча практикалык кадамдарды иштеп чыгууга басым жасалаары күтүлүүдө",- деп билдирген Казакстандын президентинин басма кызматы.
Иш сапарынын алкагында Касым-Жомарт Токаев америкалык ири компаниялардын жетекчилери менен да жолугушууларды өткөрө турганы айтылган.