Биз социалдык тармакта

Макрон: "Соцтармак алгоритмдери ачык болбосо, сөз эркиндиги “маанисиз”

Франциянын президенти Эммануэль Макрон интернеттеги сөз эркиндиги социалдык тармактардын алгоритмдери ачык-айкын болбосо “толук маанисин жоготот” деп билдирди.

Анын айтымында, колдонуучуларды кайсы мазмунга багыттап жатканын эч ким билбесе, бул чыныгы сөз эркиндиги болбой калат. “Эгер адамдарды бир жек көрүүчүлүк мазмундан экинчисине жашыруун түрдө багыттап жатышса, анда бул сөз эркиндиги эмес”, — деди ал.

Президент бул билдирүүсүн Индиядагы Индия медициналык институтунда сүйлөп жатып жасаган. Макрон расисттик жана жек көрүүчүлүк билдирүүлөрдүн жайылышына жол бербөө үчүн социалдык тармактардын алгоритмдери ачык болушу керектигин белгиледи.

Ошондой эле ал коомдук тартипти сактоо маанилүү экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан