Биз социалдык тармакта

Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу күчөдү. АКШ Иранга сокку урушу мүмкүн

АКШ ишемби күнү Иранга сокку урууга даяр. Бул тууралуу 18-февралда CBS News телеканалы билдирди.

"Улуттук коопсуздук боюнча жогорку даражалуу кызматкерлер президент Дональд Трампка аскерлер мүмкүн болгон соккуларга ишембиге даяр экенин маалымдашты. Бирок кандайдыр бир аракеттердин башталышы дагы жылышы мүмкүн",- деп билдирди телеканал булактарына таянып.

Маалыматка ылайык, Пентагондун айрым күчтөрү Жакынкы Чыгышка буга чейин эле жайгаштырылган. Ошол эле учурда Трамп акыркы чечимин кабыл ала элек.

Axios порталы 18-февралда АКШ менен Ирандын ортосунда аскердик кагылышуу ыктымалдыгы жогору экенин билдирген. Анда Израилдин өкмөтүндө Тегеранда режимди алмаштырууга багытталган максат бар экени жана согуштук аракеттерге даярдык көрүлүп жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан