Италиянын Милан шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарындагы жүрөк толкуткан учурлардын биринин видеосу интернет желесине тарады. 17-февралда бобслей жарышынан кийин 41 жаштагы америкалык бобслеист Элана Мейерс Тейлор тизелеп отуруп, жаңсоо тили менен дүлөй уулуна жеңишке жеткенин түшүндүрдү.
"Апаң жеңди",- деди уулуна спортчу айым.
Видео заматта социалдык тармактарга тарап, кийинчерээк спортчунун эки баласы тең майыптыгы бар экени белгилүү болду.
Элана Мейерс Тейлор бул учурга өмүр бою умтулуп келгенин чет элдик спорт басылмалары жазышууда. Ал алтын алганга чейин коло жана күмүш медалдарын гана жеңип келе жаткан.