Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн армиясына берилген жаңы ири калибрлүү учууучу ракета системинде колдонулган унаалардын бирине отуруп, өзү башкарып көрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, сүрөттөрүн бөлүштү.
Анда Ким Чен Ын согуштук унаага отуруп, аянтка тизилген курал-жарактарды, техникаларды кыдырып чыккан. Жарыяланган сүрөттөрдөн өзү техниканын рулуна отуруп, жылмайып жүргөнүн көрүүгө болот.
"Ар кандай тышкы коркунучтарды күчтүү түрдө басууга жөндөмдүү аскер күчтөрүбүздү тынымсыз жаңылоо боюнча иштер мындан ары да үзгүлдүксүз жүрөт",- деп сөз сүйлөгөн ал.