Бишкекте машыктыруучу 7 жаштагы кызга оор жаракат келтирүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу 19-февралда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анын 2019-жылы туулган жашы жете элек кызынын машыктыруучусу Э.А.га карата чара көрүүнү суранган. Себеби, 2025-жылдын 24-декабрь күнү машыгуу учурунда денесине залал келтирилгени билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы туулган А.Н. кармалган. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.