Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырганын билдирди.
Ал эч бир саясий оюндарга катышпаганын, быйыл президенттик шайлоону өткөрүүнү демилгелеген 75 адамдын кайрылуусуна тиешеси жоктугун белгиледи. Мурунку спикер мандатын ден соолугуна байланыштуу тапшырганын тактады.
"Ачыгын айтсам, акыркы мезгилдерде ден соолугум жакшы болбой, дары-дармек менен жүрдүм. Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет.
Ошол үчүн мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим. Мага чоң ишеним менен добуш берген шайлоочуларыма ыраазычылык билдирүү менен мөөнөтүмдөн эрте депутаттыктан кетип жатканым үчүн кечирим сурайм",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.