Биз социалдык тармакта

Зеленский сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы Швейцарияда болорун айтты 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кийинки жолугушуу Швейцарияда болорун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Кийинки жолугушуу Швейцарияда болот. Мендеги бүгүнкү маалымат азырынча ушул",- деген ал журналист Пирс Моргандын YouTube каналына берген маегинде.

Ал эми Швейцариянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын РИА Новости басылмасына маалымат берип, эки тарап тең кааласа, Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасын өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

Белгилей кетсек, 17-18-февралда Женевада үч тараптуу Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан