Бүгүн, 19-февралда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЦУМдун жанындагы объектти үч күндүн ичинде бузууну тапшырды. Мэрдин айтымында, эскизде көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай жатат. Оргумалар жана имараттын курулушу долбоордо көрсөтүлгөндөй чыкпай калган.
Жунушалиев ишкерлерге кысым болбош керектигин айтып, бирок мыйзамсыз иштерге жол берилбестигин баса белгиледи. Ал тийиштүү кызматтарды атайын жерине чакырганын айтып, вице-мэрге тапшырма берди.