Биз социалдык тармакта

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип кармалган 28 жаштагы жаранга чара колдонулду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жаран шектүү өзүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин биринин уулу катары тааныштырып, акча каражаттарын кайтарып берүүгө көмөк көрсөтөм деген шылтоо менен 20 миң 500 сом алып, убадасын аткарбай койгонун айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада, шектүү кармалып, ага электрондук билерик тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан