Ирандын батышындагы Хамадан провинциясында аскердик учак кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, учактын бортунда эки учкуч болгон. Алардын бири каза тапты.
Хамадан провинциясынын губернаторунун орун басары Хамза Амрай кырсыктын себептери иликтенип жатканын айтты. Ал окуя боюнча кошумча маалымат берген эмес.
"Fars" басылмасынын маалыматына караганда, учак түнкү машыгуу учурунда кулап түшкөн.