Республикалык спорттук колледждин директору Айбек Ташматов 15-апрелге чейин камакка алынды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ, 19-февралда кабыл алынган. Аны камакка алуу өтүнүчүн Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын башчысы берген. Ташматов Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталууда.
Айрым маалымат булактары ачыктагандай, анын "Күчүк" деген каймана аты бар.