Биз социалдык тармакта

Италияда Кышкы Олимпиада-2026 жыйынтыкталды

Италияда өткөн 2026-жылкы Кышкы Олимпиада оюндары расмий түрдө жыйынтыкталды.

Медалдык эсеп боюнча биринчи орунду Норвегия курама командасы ээледи. Норвегиялык спортчулар жалпысынан 41 медаль утуп алышты: 18 алтын, 12 күмүш жана 11 коло.

Экинчи орунга АКШ курама командасы жайгашты. Алар 12 алтын, 12 күмүш жана 9 коло медалга ээ болушту.

Үчүнчү орунду Нидерланддын курама командасы камсыз кылды. Бул команда 10 алтын, 7 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алды.

22-февралда - мелдештердин акыркы күнүндө беш медаль топтому ойнотулду. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери хоккей, лыжа жарышы, бобслей, кёрлинг жана фристайл боюнча аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан