Биз социалдык тармакта

Орозобек Токтомамбетов эл аралык турнирде күмүш байге утту

Орозобек Токтомамбетов 74 килограммга чейинки салмак категориясында эркин күрөш боюнча "MUHAMET MALO-2026" эл аралык рейтингдик турниринде күмүш медаль жеңип алды.
Кыргыз балбаны Албанияда өтүп жаткан мелдешти 1/8 финалдан баштап, анда азербайжандык Канан Хейбатовду 3:1 эсебинде, чейрек финалда америкалык Куинси Мондейди 5:1 эсебинде утту. Ал эми жарым финалда Грузиянын өкүлү Георгий Элбакидзе менен кармашып, 2:0 эсебинде үстөмдүк кылды.
Чечүүчү беттеште, тилекке каршы, белгилүү ирандык балбан Йонес Алиакбар Эмамиге 0:5 эсебинде утулуп калды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан