Биз социалдык тармакта

Албаниядагы рейтингдик турнир: Бүгүн Мээрим Жуманазарова күч сынашат

Албаниянын Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча эл аралык рейтингдик "Muhamet Malo-2026" турнири уланууда.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештин үчүнчү күнүндө, бүгүн, 27-февралда, Кыргызстандын атынан беш балбан күч сынашат. Алардын экөө - кыз-келиндер күрөшү боюнча, үчөө - грек-рим күрөшү боюнча таймашка чыгат.
Кыз-келиндер күрөшү:
Гүлнур Таштанбекова (65 килограммга чейин);
Мээрим Жуманазарова (68 килограммга чейин).
Грек-рим күрөшү:
Илгиз Каныбеков (77 килограммга чейин);
Асан Жанышов (87 килограммга чейин);
Азат Салидинов (87 килограммга чейин).
Бул күнү кыз-келиндер 59, 62, 65 жана 68 килограммга чейинки салмак категорияларында байгелерди талашат. Ал эми грек-рим күрөшүнүн балбандары 77 жана 87 килограммга чейинки салмактарда күч сынашат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан