Биз социалдык тармакта

Мээрим Жуманазарова Албаниядагы мелдеште күмүш медаль тагынды

Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO–2026 аттуу эл аралык рейтингдик мелдеште Мээрим Жуманазарова күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт комитети билдирди.
Спортчу 68 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде күч сынашып, мелдешти 1/8 финал баскычынан баштады.
Жуманазарова алгачкы беттештеринде АКШнын өкүлдөрү Дестин Рене (11:0) жана Солин Николь Пирсини (10:0) ири эсеп менен мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга жолдомо алды. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Түркиянын балбаны Нерсин Бас менен кез келип, 8:4 эсебинде үстөмдүк кылды. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште Болгариянын спортчусу Юлиана Яневанга 0:2 эсебинде жеңилип калды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан