АКШнын жана Израилдин аба соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болду. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик IRIB телеканалы билдирди.
Хаменеинин өлүмүнө байланыштуу Иранда 40 күндүк аза күтүү жарыяланган. Өлкө ошондой эле 7 күн эс алуу күнү деп белгилеген. Жогорку лидер жумуш ордунда набыт болгону айтылууда.