Акжол Махмудов Албанияда өтүп жаткан эл аралык турнирде азербайжандык атаандашына жеңилип калды.
Грек-рим күрөшүнөн 82 килограммга чейинки салмак ченинде катышып жаткан кыргыз балбаны чейрек финалда каршылашына 2:5 эсебинде утулду.
Махмудов алгачкы атаандашы болгон казакстандыкты 4:3 эсебинде жеңип алган болчу.