
Бүгүн, 2-март республиканын негизги ашууларында күн бүркөк, жол кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн бардык ашууларында жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Бирок 5-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Мекеме сапарга чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертет.