Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында бүгүн, 2-мартта саат 05:44 чамасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул боюнча Сейсмология институту маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, жер силкинүүнүн очогу Таш-Короо айылынан 34 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 120 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө сезилген жок.