Биз социалдык тармакта

Трамп АКШнын Иранга каршы аскердик операциясынын мөөнөтүн жарыялады

АКШнын президенти Дональд Трамп New York Times гезитине берген интервьюсында, америкалык аскерлер зарыл болсо Иранга кол салууну төрт-беш апта бою улантарын билдирди. Ал эми Daily Mail менен болгон интервьюда Трамп операция төрт апта же андан аз убакытта аяктай турганын айткан.

Трамп сүйлөшүүлөргө ачык экенин белгиледи. Ал Ирандын күч түзүмдөрүнө жана армиясына эскертүү жасап, курал таштоого чакырган. Ошондой эле Иран элине кайрылып, өлкөнүн жарандарын мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырган.

“Калганы сиздерге жараша. Биз жардам берүүгө даярбыз”,- деди Трамп.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан