Биз социалдык тармакта

Кыргыз балбандары Албаниядагы мелдешти 9 медаль менен жыйынтыкташты

Албаниянын Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча "MUHAMET MALO-2026" экинчи рейтингдик турнири жыйынтыкталып, Кыргызстандын спортчулары 9 медаль менен кайтышты.
Дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, аталган мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 28 балбан катышып, эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында балбандар жалпы 9 медаль жеңип алышты.
Эркин күрөш боюнча:
  • Эрназар Акматалиев (70 килограммга чейин) - алтын медаль;
  • Орозобек Токтомамбетов (74 килограммга чейин) - күмүш медаль;
  • Залкарбек Табалдиев (70 килограммга чейин) - коло медаль.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын атынан катышкан төрт спортчунун бардыгы медаль тагынышты:
  • Айпери Медет кызы (76 килограммга чейин) - алтын медаль;
  • Нурзат Нуртаева (72 килограммга чейин) - күмүш медаль;
  • Мээрим Жуманазарова (68 килограммга чейин) - күмүш медаль;
  • Гүлнур Таштанбекова (65 килограммга чейин) - коло медаль.
Грек-рим күрөшү боюнча:
  • Раззак Бейшекеев (72 килограммга чейин) - коло медаль;
  • Үзүр Жусупбеков (97 килограммга чейин) - коло медаль.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан