Кыргыз балбаны Акжол Махмудов 27-мартта PWL 11 турниринин алкагында япон спортчусу Нао Кусака менен беттешет.
Маалым болгондой, турнир Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында орун алат. Кармаш 82 килограмм салмактык категорияда болот.
Белгилей кетсек, балбандар буга чейин Белграддагы дүйнө чемпиондугунун жарым финалында күрөшүп, Махмудов 7:5 эсебинде жеңишке жеткен. Ал эми экинчи ирет 2024-жылы Бишкектеги Азия чемпиондугунда финалда кармашып, Кусака реванш алып, 4:2 эсебинде уткан.