Биз социалдык тармакта

Кызыл-Кыяда баңгизат сатуу менен алектенген эки шектүү кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында баңгизат сатуу менен алектенген эки шектүү кармалды. Бул тууралуу 3-мартта облусттун ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, “Притон” операциясынын алкагында гашиш баңгизатын сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 21 жаштагы А.Б. жана 22 жаштагы Д.А. аттуу тургундары кармалган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан