Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды ар кайсы жерге жашырып жүргөн эки жигит кармалды. Шаардык милиция алардын бири 2006-жылы туулган А.Б., ал эми экинчиси 2007-жылы туулган А.Т. аттуу жарандар экенин маалымдады.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын жанынан синтетикалык баңгизаттын 50 даана орому табылды. Алар онлайн каналдар аркылуу сатып жүрүшкөнү аныкталды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Сатуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду. Алардын жашаган жерлери тинтүүгө алынып, тийиштүү буюмдар табылды.
Тергөө уланууда.