
Кыргызстанда издөөдө жүргөн жаран Азербайжандан экстрадицияланды. Бул тууралуу 3-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн ийгиликтүү жүргүзүлгөн аракеттеринин жыйынтыгында ири өлчөмдө алдамчылык кылууга айыпталып, издөөдө жүргөн жаран Баку шаарынан экстрадицияланды.
Белгилей кетсек, Т.Д. аттуу жаран эки жабырлануучунун ишенимине кирип, 46 миллион сомдон ашуун акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алып, Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.