Сойкулукка тартуу максатында адамдарды ташыган деген айып тагылып, 50 айга эркинен ажыратылган америкалык белгилүү рэпер Шон Комбс (P.Diddy) абактан бир жарым ай эрте чыгарылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар АКШнын түрмөлөрүнүн маалымат базасына таянуу менен жазышты.
Маалыматка ылайык, P.Diddy өзүнө берилген убакыт боюнча 2028-жылдын 4-июнунда абактан чыкмак. Бирок ал көрсөтүлгөн жылдын 25-апрелинде чыкмай болду.
Мындай чечим камактагылар үчүн баңгичиликти дарылоо программасын рэпер кабыл алгандан кийин чыгарылган.