
"Ак-Жол" өткөрмө пунктунда 5 миллион сомдон ашык суммага электр шаймандарын мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу 3-мартта Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан "Ак-Жол" өткөрмө пунктуна жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктунда коштомо документтери жок Дайсон үлгүсүндөгү электр шаймандарын ташып келе жаткан эки унаа аныкталды. Алардын ичинде 44 даана чач кургаткыч жана 66 даана чач тармалдаткыч болгон.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, коштомо документтери жок продукциянын жалпы баасы 5 миллион сомдон ашкан.
Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, транспорт каражаттары айып короо жайына токтотулду.