Бүгүн, 4-мартта өлкө аймагындагы унаа жолдордо жана ашууларда жолдор ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрли кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкек - Ош унаа жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Тараз - Талас - Суусамыр жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркɵк.
"Жолчулар тарабынан унаа жолдордогу тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, кар күрткүлɵрүн тазалоо иштери күнү-түнү аткарылууда",- деп билдирди министрлик.