Биз социалдык тармакта

Эртең Омандан Кыргызстанга 180 жаран эвакуациялык каттам менен учуп келет 

Эртең, 5-мартта Кыргызстанга Омандан эвакуациялык каттамдын учагы учуп келет. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учактын Бишкекке саат 8:00дө конушу күтүлүүдө. Учактын бортунда 180 адам болуп, жалпы үч атайын каттам аркылуу мекендештерди өлкөгө кайтаруу пландалууда.

Эвакуацияны уюштурууну Кыргызстандын ТИМи координациялап, ташууну "Аэрономад" авиакомпаниясы ишке ашырат. Ал эми "Кыргызстан аэропорттору" жүргүнчүлөрдү кабыл алууга толук даяр экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан