Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карим Ханджеза Рамазан айында шаардагы жарыктарды күйгүзүп турууну суранды.
Эл өкүлүнүн айтымында, түнкүсүн көчөлөр өтө эле караңгы болгондуктан, жарандардын мечитке баруусунда ыңгайсыздыктар жаралууда.
"Мага жарандар кайрылып жатышат. Азыр Орозо айында мечитке кечинде барып, таравих намазын окуп жатышат. Көчөлөр өтө эле караңгы. Рамазан айынын бүтөрүнө 15 күндөй эле калды, ушул күндөрү шаардагы жарыктарды күйгүзүп коюну суранат элем. Аксакалдар мечитке барышат, аларга ыңгайсыз болууда",- деди депутат.