Биз социалдык тармакта

Сурабалдиева 8-мартта Бишкекте жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат берүүнү суранды (видео)

Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарында 8-мартка карата уюштурулуучу жөө жүрүшкө уруксат берүүнү суранды.

Эл өкүлүнүн айтымында, ага у
юштуруучулар расмий түрдө кайрылып, Уркуя Салиеванын эстелигинен Горький аянтына чейин жөө жүрүш жасоого уруксат алып берүүнү суранышкан.

"Жөө жүрүшкө көбүнчө аялдар, жаш кыздар катышат. Эми биз аялдардан коркпойбуз да. Мага көп кайрылуулар келгендиктен, мен аябай суранат элем, ушуну чектебей эле коёлучу. Жөө жүрүштүн аягына жана башына МАИнин унаасын берип коюңуздар. Биздин улуттук нарк-насилге туура эмес кадамдар болот дегенден алыс бололу. Алардан "бул мурда кызмат өкүлдөрүнүн провокациясы болгон" деген сөздөрдү да угуп калдым. Жакшы демилге менен жаз майрамын жакшы тосуп алалы",- деди Сурабалдиева.

Сурабалдиева 8-мартта Бишкекте жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат берүүнү суранды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2026-03-04 14:26:00
улуттук нарк-насилге аябай терс таасирин тийгизет да, феминизм ЛГБТны уялбай колдогонду токтотпойт экенсизда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан