Биз социалдык тармакта

Бүгүн Жиддадан Кыргызстанга 200гө чукул жаран учуп келет

Бүгүн, 4-мартта Жидда шаарынан Кыргызстанга 200гө чукул жаран учуп келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандарды мекенине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында эки атайын авиакаттам аткарылууда.
Жидда – Бишкек багыты боюнча каттам менен Кыргызстандын 90 жараны, ал эми Жидда – Ош багыты боюнча 120 жараны жеткирилери күтүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча болжол менен саат 16:00дө учактар Бишкек жана Ош шаарларына конот.
Ошондой эле, аталган багыттар боюнча каттамдар жумасына үч жолу аткарылат: Бишкек шаарына шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү, Ош шаарына дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга ракеталык сокку урган. Жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер базаларына чабуул жасаган. Буга байланыштуу 1-марттан тарта Бишкек-Дубай, Бишкек-Жидда, Бишкек-Шаржа багытындагы каттамдар убактылуу токтотулган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан