Бишкек шаарынын мэриясы калааны аймактарга бөлүп, унаа токтотуучу жайлардын акысын 30-50 сомго чейин кылууну көздөгөн токтом долбоору иштелип чыкканын кабарлады.
Маалымдалгандай, алгачкы эки саат үчүн 30 сомдон 50 сомго чейин алынса, кийинки ар бир саат үчүн 20 сомдон кошулат. Бирок аймактар кандай бөлүнгөнү тууралуу кабарлаган жок.