Биз социалдык тармакта

Шри-Ланканын жээгинде Иранга таандык аскер кемеси кырсыкка учурады 

Шри-Ланканын жээгинде Иранга таандык аскер кемеси кырсыкка учурап, 101 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Андагы маалыматтар боюнча, окуя 4-март күнү эртең менен Шри-Ланканын Галле шаарындагы деңиз аймагында болгон. Кемеде жалпысынан 180 экипаж мүчөсү болгону такталган. Алардын 101и дайынсыз болуп, 80ге жакын адам жаракат алганы айтылууда.

Учурда Шри-Ланканын Аскер-деңиз күчтөрү кырсык болгон жерде куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Бийликтин маалыматына ылайык, чөгүп бара жаткан кемеден кеминде 30 адам куткарылып, Галле шаарындагы ооруканаларга жеткирилген.

Ал эми кемеге кол салган суу астынан жүрүүчү кеме кайсыл өлкөгө таандык экени азырынча белгисиз. Азыркы тапта тактоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан