Биз социалдык тармакта

Бишкекте мыйзамсыз токтотулган унааларга каршы масштабдуу рейд өттү

Бишкек шаарында бүгүн, 4-мартта жол кыймылынын эрежелерин бузган жана унаа токтотуучу жайга акы төлөбөгөн унааларга карата рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу кала бийлиги билдирди.

Рейд борбор калаанын төрт районунда өттү. Анын алкагында мыйзамсыз токтотулган 100дөн ашык унаа эвакуацияланып, айып короо жайына жеткирилди. Ошондой эле Бишкек ЖКККБ кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, шаардагы унаа тыгындарын азайтуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан