Биз социалдык тармакта

Эрулан Кокулов менен инспектордун аудиожазуусу коомчулукта талкуу жаратты

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов жана инспектор Надырбек Жусупов катышкан аудиожазуу социалдык тармактарда кеңири тарады. Анда депутат өзүнүн макамын жүйө келтирип, айрым мыйзам бузууларга “кызматтык зарылчылык” бар экенин айткан.

Аудиодо эл өкүлү “мен депутатмын”, “кызматым эң жогорку”, “кош сызыктан өтө алам” деген өңдүү билдирүүлөрдү жасаганы угулат. Бул билдирүүлөр социалдык тармак колдонуучуларынын ар түрдүү пикирлерин жаратты.

Учурда расмий органдар тарабынан бул окуяга байланыштуу түшүндүрмө бериле элек. Коомчулук болсо кызмат абалына карабастан мыйзам бардыгына бирдей болушу керек деген пикирлерин билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан