Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге Ак-Буура дарыясынын жээгинде рейд өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, шаар башчысы дарыянын эки жээгин комплекстүү өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү тапшырмаларды берди. Долбоордун алкагында узундугу жети чакырымды түзгөн веложол жана жөө адамдар үчүн тротуар куруу пландалууда.
Мындан тышкары жалпы аянты 10 гектардан ашуун аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган. Анын ичинде заманбап парк жана скверлерди түзүү мерчемделүүдө.
Муниципалитеттин билдирүүсүндө белгиленгендей, бул долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртууга, айлана-чөйрөнүн көркүн арттырууга жана тургундар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.