Бүгүн, 4-мартта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулун кабыл алды.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу достук мамилелерди бекемдөө жана кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Шаар башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы сапаттык деңгээлине чыкканын белгиледи.
Тараптар социалдык-экономикалык, соода-өндүрүштүк, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында өз ара байланышты кеңейтүү боюнча макулдашышты.