Биз социалдык тармакта

Өлкөдө жасалма интеллекттин жардамы менен кургак учук аныкталууда

Өлкөдө жасалма интеллекттин жардамы менен кургак учук илдети аныкталууда. Бул тууралуу улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулаат Кадыров "Биринчи радиого" билдирди.

"Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көрсөтмөсү менен кургак учукту аныктоодо 2 жылдан бери санарип рентген аппараты жасалма интеллекттин жардамы аркылуу колдонулуп жатат.

Бүгүнкү күндө өлкөдө мындай 4 аппарат бар. Мунун жөнөкөй рентгенден айырмасы адамга тийгизген терс таасири аз",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан