Чүйдө айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкарган чет элдик жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу 5-мартта облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында жол эрежелерин бузгандыгы үчүн чет элдик жаранга 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мыйзам чегинде чаралар көрүлдү.
Эске салсак, буга чейин аталган жаран унаасынын айнектерин мыйзамсыз караңгылатып, айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган. Ошондой эле карама-каршы тилкеге чыгып жана кызыл түстөгү жол чырактан өтүп, жол кыймылынын эрежесин одоно бузган.