Биз социалдык тармакта

Министр Бишкектеги медициналык борборлордун оңдоп-түзөө иштери менен таанышты

Кечээ, 4-мартта саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкек шаарындагы Тез жардам клиникалык ооруканасына жана №9 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү жана калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттары менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министр Тез жардам клиникалык ооруканасында жандандыруу бөлүмүн, күйүк жана неврология бөлүмдөрүн, ошондой эле интенсивдүү терапия палаталарын көрүп чыкты. Ошондой эле ал оорукананын экинчи корпусунда жүрүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Андан соң №9 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, мекеменин ишин уюштуруу жана бейтаптар үчүн инфраструктураны жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Учурда борбордо кире бериш бөлүгү реконструкцияланып, имараттын аянты кеңейтилүүдө.
Белгилей кетсек, аталган медициналык мекемелердин оңдоп-түзөө иштерине 182 миллион сом каралган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан