Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 304-чакырымында (Кара-Үңкүр тилкесинде) кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Учурда жол убактылуу жабылды. Жол тейлөө ишканалары тарабынан ыкчам түрдө керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.