Журналист Кудрет Тайчабаровдун иниси Азамат Марипов эркиндикке чыгарылды. Маалыматты бүгүн, 5-мартта Жогорку Соттун басма сөз кызматы тастыктады.
Жогорку Сот Мариповдун ишин 3-мартта карап, 3 жылдык пробация менен абактан бошоткон.
Белгилей кетсек, Азамат Мариповду Бишкектин Биринчи Май райондук соту өткөн жылдын аягында Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык баш аламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" беренелери менен күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркиндигинен ажыраткан.