Биз социалдык тармакта

Жакынкы 5 жылда өлкөгө 10 заманбап Airbus A321 учагы сатып алынат

Жакынкы 5 жыл ичинде Asman Airlines авиакомпаниясынын учак паркы 10 заманбап Airbus A321 учагы менен толукталат. Бул тууралуу 5-мартта компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Asman Airlines авиакомпаниясына европалык авиакуруучу Airbus корпорациясынан 2 даана Airbus A321 учагын сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Ошондой эле жакынкы 5 жыл ичинде дагы 8 заманбап Airbus A321 учагын сатып алуу пландалууда.

Бул стратегиялык чечим каттамдар тармагын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык авиация рыногундагы позициясын бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Пландын алкагында КМШ өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка жана Европага каттамдарды ачуу каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан